• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 854 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 854 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 201 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 459 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Пикир

Оставить комментарий