• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 124 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 124 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 239 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 384 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Пикир

Оставить комментарий