• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 126 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 126 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 324 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 266 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Пикир

Оставить комментарий