• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,6 млрд куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 02.06.23./Кабар/. Бүгүн, 2-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 624 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 617 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 388 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

2022-жылдын 2-июнуна карата суунун көлөмү 10 млрд 708 млн куб метрди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий