• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү быйылкы күз-кыш мезгилине жетет

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 17-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,2 млрд куб метр түзгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалыма жыйынында КР Өнөр жай, энергетика жана жэр казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси Бакыт Сыдыков билдирди.

Ал билдиргендей, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 256 млн.куб метрга аз.

“Бул Нарын дарыясынын агымына байланыштуу. Бирок эң башкысы учурдагы суунун көлөмү быйылкы күз-кыш мезгилин аман-эсен өткөрүп алууга жетет”, - дейт Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий