• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 13,5 млрд куб метрге жетти

Коом 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 494 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 303 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 193 куб метрге жетүүдө.

Пикир

Оставить комментарий