• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу көп – А.Калиев

Экономика 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Өткөн жылы Токтогул суу сактагычына Нарын дарыясындагы суунун көлөмүнүн көптүгүнөн 17,6 млрд кубметр суу топтолду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук энерго холдинг компаниясы башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

“2016-жылы 1-апрелге карата биз Токтогул суу сактагычында 8,10 млрд кубметр суу менен чыкканбыз, 2016-жылы 1-октябрга карата 15,2 млрд кубметр суу топтоо планында 17,5 млрд кубметр суу топтой алдык”,-деди А.калиев.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн көбөйүшүн 2016-жылдагы Нарын дарыясындагы суунун агымынын көп болушу шарттады.

“2017-жылы 1-январга карата 13,3 млрд кубметр суу планында анын көлөмү 15,8 млрд кубметрди түздү. 2017-жылы 1-апрелге карата 11,5 млрд кубметр суунун деңгээли күтүлгөн, биз 12,7 млрд кубметр суу менен чыгабыз”,-деди А.Калиев.

Пикир

Оставить комментарий