• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул токой чарбасында бал азыктарын кайра иштетүүчү цех ишке берилди

Коом 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Токтогул токой чарбасында бал азыктарын кайра иштетүүчү цех курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бал азыктарын рационалдуу жана натыйжалуу пайдалануу менен кошумча киреше булактарын түзүү максатында Токтогул токой чарбасында бал азыктарын кайра иштетүүчү цех курулуп, бүгүнкү күндө ишке берилди.

"Ишканада күнүнө 200 литр бал ички жана тышкы рынокко чыгаруу үчүн кайра иштетилип, таңгакталат. Кичи цех токой чарбасынын потенциалын натыйжалуу пайдаланууга гана эмес, атаандаштыкка жөндөмдүү жана импортко чыгаруучу азыктарды өндүрүүгө салым кошууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, ишкананы куруу иштери Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонду тарабынан каржыланып, “Кыргыз Республикасындагы токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун алкагында Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы менен биргеликте ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий