• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токтогулда 21 жаштагы бала дайынсыз жоголду, издөөдөн натыйжа болгон жок

Кырсык 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну 1997-жылы туулган Т. уулу А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

ӨКМден кабарлашкандай бала 2018-жылдын 11-апрелинен бери дайынсыз.

“Издөө иштерине КР ӨКМден 10 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам, жалпысынан 65 адам тартылган, саат 16:30да издөө иштери токтотулду, натыйжа болгон жок”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий