• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Токтогулда 6,5 тонна кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Токтогулда 6,5 тонна кара куурай жок кылынды, - деп билдирет Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМнин тиешелүү кызматтары тарабынан жыл сайын «МАК» аталышындагы иш-чарасы өткөрүлүп келет. Аталган иш-чаранын алкагында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жана КРнын ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү Өзгөрүш айылынын айыл өкмөтү, айыл башчы, аксакалдар жана жаштар кеңеши болуп, жалпы аянты 3,5 га түзгөн талаада өскөн жапайы кара куурайды техниканын жардамы менен орушуп, жалпы салмагы болжол менен 6,5 тоннага жакын кара куурай жыйналып жок кылынды.

«МАК-2021» иш-чарасынын бул жолку катышуучулары жана жаштары баңгизатка каршы экендиктерин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Токтогул районунда жалпы аянты 6,5-7 га түзгөн талаадан 10 тоннадан ашык кара куурай жок кылынган.

Пикир

Оставить комментарий