• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогулда адам өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Токтогулда адам өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-январь күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Токтогул районундагы Токтогул-Терек-Суу автожолунун 13-чакырымында, жолдон 300 метр алыстыкта сол колунун билегине чейин белгисиз жаныбар тытмалап жеп кеткен, денесинде бир нече жолу курч нерсенин сайылган жараттары бар адамдын жансыз денеси табылган. Киши колдуу болуп каза болгон жаран Токтогул районунун 41 жаштагы тургуну М.Ж. экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул кылмыштын бетин кечиктирбестен ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Токтогул шаарынын 41 жаштагы тургуну М.А. кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 2020-жылдын 11-январь күнү ич ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, маркумдун сол жак капталына бычак менен сайып жибергендигин билдирген.

Шектүү катары кармалган М.А. жогоруда жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алып, Токтогул РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий