• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токтогулда афган тектүү баңгизатты ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды

Аймак 0


Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Токтогул районунда Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Афганистанда өндүрүлгөн каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюлду.

Ошентип, 23-ноябрда Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган М.Н. аттуу жүргүнчүсү бар 1992-жылы туулган К.С. аттуу жарандын башкаруусундагы “Тойота Ист” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аталган унааны тинтүү учурунда анын багажынан эки спорттук сумка, алардын ичинде скотч менен оролгон 9 таңгак жана 1 баштык зат табылган. Ал зат кочкул-күрөң түстө болуп, жапайы өскөн кара куурайдай (Афганистанда өндүрүлгөн “чаңча”) өзгөчө жыты бар болгон.

Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, ал зат 10 килограммга жакын каннабис чайыры (гашиш) экени аныкталган.

Кармалган жаран М.Н. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалым болгондой, учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий