• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Токтогулда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Токтогул РИИБи тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектер тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү кирип келген жаңы жылы менен куттукташып, татыктуу тарбия жана мыкты билим алууга чакырышты.

Ал эми Ноокен РИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Алтынбек Мусаев баштаган топ ИИОдо кызмат өтөп жатып каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул үй-бүлөгө майрамдык белектер берилип, милиция тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп турары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий