• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогулда дарыгерлердин шалаакылыгынан наристе колунан ажырап калган

Ден соолук 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Социалдык тармактын колдонуучусу Баяна Кулова Токтогулда дарыгерлердин шалаакылыгынан наристе колунан ажырап калганын жазып чыкты.

Анын айтымында, Токтогулда дарыгерлер жаңы төрөлгөн балага туура эмес ийне сайып, анын айынан Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери бөбөктүн колун кесүүгө аргасыз болгон.

“Бул боюнча кылмыш иши козголбой, дарыгерлер акырын арызын жазып кетип калышыптыр. Төрөлгөн баланы майып кылгандарды камаш керек болчу. Башкы дарыгердин ордунда калганы эмнеси?” - деп жазат Кулова.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы “Кабар” маалымат агенттигине аталган окуя боюнча кызматтык териштирүү болуп жатканын билдирди.

“Окуя министрдин жеке көзөмөлүндө. Териштирүүнүн жыйынтыгында кошумча маалымат берилет”, - деп маалымдашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий