• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Токтогулда “Кара-Куштун мекени” аттуу тайгандардын эл аралык этнофестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Кечээ, 26-июнда Токтогул районунун Үч-Чат жайлоосунда “Кара-Куштун мекени” аттуу тайгандардын эл аралык этнофестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, фестиваль концерттик программа менен коштолуп, атайын тайгандардын көргөзмөсү жана тайган салуу менен коштолду.

Иш-чарага маданият министринин орун басары - Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, “Кыргыз тайганы клубунун” жетекчиси Болот Мураталиев, белгилүү тайганчылар жана атайын келген коноктор катышты.

“Кыргыз эли байыртадан жаратылыш менен, үй жаныбарлары менен гармонияда жашап келген. Ошолордун бири бул-тайган. Учурда бардык аймактарда тайганчылыкты өрчүткөн клубдар иш алып барууда. Тайгандын тарыхы байыркы кыргыздардын тарыхы менен бекеринен байланышкан эмес", - деди Самат Шатманов.

Ал мындай иш-чараны Маданият министрлиги колдой турганын белгилеп, аталган иш-чараны республиканын башка аймактарында да өткөрүүнү пландалып жаткандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Улуттук тарых музейинде “Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган” көргөзмөсү өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий