• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогулда коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Токтогулда коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Район аймагында соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, санитардык нормаларды сактабаган жактарга эскертүү берилүүдө. Жугуштуу илдеттин жайылуусун болтурбоо үчүн ар бир сатуучу тиешелүү талаптарды так аткаруусу керектиги айтылууда.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды ооруну жуктуруудан алыс болууга үндөп жатышат. Медициналык каражаттарды ар дайым колдонуу менен илдеттин алдын алууга болоору эскертилип, азыркы кырдаалга кайдыгер карабоого чакырышууда.

Пикир

Оставить комментарий