• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токтогулда маданият үйү толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

ӨКМден кабарлашкандай, Чүй облусунун Сокулук айылындагы Биринчи Май көчөсүндө аянты 25 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Кырсыктын кесепетинен турак үйдүн ээси 1949-жылы туулган Н.К. түтүнгө ууланып, II даражадагы күйүк алып ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Андан тышкары, Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда “Форд Фокус Транзит" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкен айылынын Пахтахун көчөсүндө аянты 450 чарчы метр маданият үйү толугу менен күйгөн.

Материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий