• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогулда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Токтогулда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-январь күнү Токтогул районунун тургундары 47 жаштагы С.Г., 57 жаштагы Б.Д., 73 жаштагы С.К. жана 22 жаштагы Ы.Э. Токтогул РИИБне арыздары менен кайрылышып, өз арыздарында 2020-жылдын декабрь айынын орто ченинен 15-январга чейинки аралыкта короосундагы малдарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдиришип, ууруларды таап аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышкан.

Арызданган 4 жарандан жалпы – 2 торпок жана 9 баш кой уурдалып, аларга 130 миң сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

Жогорудагы арыздардын негизинде тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүлүп, топтолгон материалдар 2021-жылдын 15-январь күнү Токтогул РИИБдин КЖБРне катталып, 4 факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде (Уурулук) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү кызматтарга аталган уурулуктун бетин ачып, шектүүлөрдү тергөөгө камсыздоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Тергөө тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Токтогул районунун Терек-Суу айылынын мал базарында уурдалган 1 баш торпокту сатып жаткан жеринен шектүүлөр кармалып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр Базар-Коргон районунун 23 жаштагы тургуну Ж.Т., Нарын областынын Жумгал районунун 24 жаштагы тургуну А.А., Талас областынын Бакай-Ата районунун 18 жаштагы тургуну Р.Б. экендиги аныкталып, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө-ыкчам иштери андан ары улантылып, жогорудагы шектүүлөрдүн кылмыштуу шериктери бар экендиги такталган. Жалал-Абад ОИИБдин, Токтогул РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана милициянын участкалык инспекторлору менен биргелешип жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгында, 17-январь күнү Бишкек шаарынын аймагынан Токтогул районунун тургундары 26 жаштагы Э.О. жана 30 жаштагы У.Д. кармалышып, тергөө кызматы тарабынан УКЖга киргизилген. Шектүүлөрдүн баш коргоо чаралары райондук соттун тергөө судьясы тарабынан каралып, бардыгы тең бир айлык мөөнөткө камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып, бул кылмыштуу топтун дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий