• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токтогулда милиция сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Токтогулда милиция кызматкелери сууга чөгүү жана башка күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы Токтогул шаарынан алыс жайгашкан айылдарда жарандардын кайрылууларын кабыл алып, тиешелүү кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кетүүсү жана башка күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары, Токтогул районунун аймагында Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, топтошуп мушташуунун алдын алуу максатында бир топ иш-чаралар өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө балдардын болжолдуу чогулган жерлери текшерилип жана түнкү мезгилде жүргөн өспүрүмдөр аныкталган. Алар менен милиция бөлүмүндө түшүндүрүү иштери жургүзүлүп, балдардын ата-энелерине Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Белгиленгендей, бул багыттагы иш-чаралар мындан нары да байма-бай ишке ашырылып турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий