• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогулда санитардык нормаларды сактоо боюнча алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Токтогулда санитардык нормаларды сактоо боюнча алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан алдын алуу иш-чаралары уюштурулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу, санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, эт сатуучу жана тамактануучу жайларды текшерүүгө алышты.

Санитардык нормаларды сактабай ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан эки тойканага КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси (ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) менен протокол түзүлүп, 3000 сомдон жалпы 6000 сом айыппул салынды. Бирок, алдыда дагы мааракелерди өткөрүүгө буюртмаларды кабыл алган ресторандардын буюртмалары токтотулуп, 26-сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды. Штабдын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.

Токтогул РИИБдин жетекчилиги тарабынан бул сыяктуу алдын алуу иштери алдыда дагы улантыла тургандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий