• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токтогулда телемедицина борбору ачылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Депутат Осмонбек Артыкбаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айылындагы жаңы бала бакчанын ачылуу аземине катышып, акылдуу, билимдүү, көп кырдуу жаштар көбүрөк болсо, мамлекеттин өнүгүүсүнө мындан ары дагы жакшы салым кошуларын билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бала бакчанын жетекчиси Нуржамал Мусаеванын айтымында, жергиликтүү тургундар атайын долбоор жазып, бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн бир топ аракет кылышканын белгиледи. АРИС программасынын колдоосу менен 1млн 600 миӊ сом акча берилсе, калган каражатты жергиликтүү бийлик көтөргөн. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин колдоосу чечүүчү болгонун кошумчалады.

Балдар мекемесинде 50 бала тарбияланып, ал эми алардын 16 тарбиячысына каражат каралган эмес. Бул көйгөйдү да эл өкүлү чечип берди.

Андан тышкары, депутат Осмонбек Артыкбаевдин колдоосу жана Жаш дарыгерлер ассоциациясынын президенти Элзар Токтоназаровдун демилгеси менен Токтогул шаарчасында Телемедицина (санавиация) борбору ачылды. Эми жергиликтүү тургундардын райондун борборуна келип отурбай, өз айылында дарылануусуна мүкүнчүлүк түзүлдү.

Учурда Токтогул районуна караштуу баардык айылдын тургундары акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Ондон ашуун дарыгер өз кесиби боюнча бейтаптарды текшерип, аларды жеринен дарылашууда. Ал эми абалы оор сыркоолор борборго жөнөтүлөт. Жергиликтүү тургундар мындай усул кыйла натыйжалуу жана ыӊгайлуу болуп жатканын белгилешип, депутатка ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий