• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токтогулда ысырапкорчулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Токтогул районунда ысырапкорчулуктун, жол кырсыктарынын алдын алуу жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Токтогул РИИБдин кызматкерлери, райондун прокурору, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондун имамы, мектеп мугалимдери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө КР президенти тарабынан ысырапкорчулукка каршы чыгарылган жарлыктын негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда жарандар бири-бирине атаандашып курулай бедел күтпөй, материалдык чыгымдарды азайтуу зарылдыгы айтылды. Жыйындын катышуучулары тарабынан бул жарлыктын аткарылышына көпчүлүк каршы эмес экендиктерин белгилешти.

Мындан сырткары, район аймагында жол кырсыктарына байланыштуу көрүлүп жаткан чараларга кайдыгер карабай, жол эрежелерин так сактоо керектиги эскертилди.

Милиция кызматкерлери ата-энелерди жаш өспүрүмдөрдү тынымсыз көзөмөлдөөгө, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда тыгыз кызматташууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий