• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токтогулда жаңы төрөлгөн наристени дааратканага таштап кеткен кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Милиция кызматкерлери тарабынан Токтогул шаарында жаңы төрөлгөн наристени дааратканага таштап кеткен кыз кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан мурда ӨКМнын куткаруучулары баланы даараткананын чуңкурунан алып чыгышкан, учурда наристе ооруканада.

Милициянын маалыматына караганда, жаңы төрөлгөн наристенин апасы 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болгон. «Бишкек шаарынын жашоочусу 2003-жылы туулган А.К. 7-август күнү Токтогул шаарына келгендиги, окуя болгон жердеги үйдүн ээси А.Саткынбаевдин кызынын курбусу болгондуктан 10-август күнү келип, бир күн жатып, 11-август күнү төрөп дааратканага таштап койгондугу аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий