• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогулда жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 216-чакырымында 2 Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп (С.Т. аттуу 45 жаштагы эркек киши, У.А. аттуу 49 жаштагы аял киши), 7 адам ар түрдүү жаракат алышкан.

Жерине 4 куткаруучу тартылган. Бирок, жаракат алгандар куткаруучулар жеткенге чейин жолдо өткөн унаалардын жардамында Токтогул райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий