• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токтогулда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.21 /Кабар/. Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында Бишкек – Ош унаа жолунун 308-чакырымында 15-сентябрда эртең мененки саат 07:10до MAN үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаанын ойдоочусу Жигули ВАЗ-2107 унаасы менен сүзүшкөн.

ӨКМден билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 3 эркек адам каза болгон.

Окуя болгон жерге КР ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, унаадан 3 адамдын сөөгктөрүн чыгарышып, тез жардам кызматынынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен, алар Токтогул райондук өлүкканасына жеткирилген. Каза болгондордун өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий