• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогулдагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 10.10.21. /Кабар/. Токтогул районундагы Бишкек - Ош унаа жолунда жайгашкан "Арал" стационардык постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абал облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалгынын басма сөз кызматы билдирет.

"Урматтуу Бишкек багытына сапар алган оор жүк ташуучу жана чиркегичи бар жүк ташуучу унаа айдоочулары, азыркы учурда аталган унааларга жолдун жабык болгондугуна байланыштуу постко чейинки тамактануу жайларына же болбосо эс алуу жайларына токтоп эс алып турганыңыздар оң болот деп эсептейбиз.

Ал эми жеңил унаалардын айдоочуларына унаанын дөңгөлөктөрүн сөзсүз түрдө кышкы сезонго ылайыктуу алмаштырып, бардык керектүү жабдыктарды алып сапарга чыгууларын эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий