• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогулдук жүргүнчүдөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Токтогул районунда Бишкекке багыт алган унаанын жүргүнчүсүнөн ири өлчөмдө баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Бишкек шаары боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токтогул районунда ыкчам иш-чара өткөрүлгөн.

Ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Токтогул районунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү “гашиш” баңгизатын сатуу жана ташуу схемасы бар экендиги аныкталып, Токтогул районунда баңгизатын Бишкек шаарына алып барып сатууга ниеттенген жүргүнчү олтурган автоунаа токтотулган.

Кызматкерлер тарабынан автоунаанын багажын тинтүү учурунда скотч менен оролгон кара куурайдын өзгөчө жыты бар кара чарчы баштык алынган. Ал Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын тургуну 43 жаштагы С.Р.га тиешелүү салмагы 1 кг 776 грамм "гашиш" баңгизаты болгон.

Кылмышка шектүү КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий