• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогулдуктар Сарпашевдер басып алган жер жана мүлктөрдү кайтарып берүүнү талап кылышты

Аймак 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Сарпашевдер аралашкан жер чырына нааразы болгон Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өлкүлчулүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин нааразы болгон демилгечи топ өлкө башчысына кайрылуу жолдошкон. «Бул боюнча президенттин тапшырмасы менен облус башчысы Токтогул районунун Торкен, Жаңы-Жол, Көтөрмө, Кызыл-Туу, Комсомол айылынын жана Токтогул шаарынын жашоочуларынын арыз муңун укту»,-деп айтылат маалыматта.

Райондун тургундары менен өткөрүлгөн жыйында мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баш болгон бир туугандар мамлекеттик фонддун гектарлаган жерлери, кампалар, мал сарайлар жана дүкөн сыяктуу райондогу кирешелүү мүлктүн баарына мыйзамсыз ээлик кылып, карапайым калктын мыйзамдуу укугу менен кызыкчылыктары басмырланганы айтылды.

Ошондой эле тургундар тарабынан райондун өнүктүрүү фондунун эсебине чогулган каражаттар бүгүнкү күнгө чейин натыйжалуу пайдаланылбай жатканы белгиленди.

Облус башчысы бул багыттагы аймактын калкынын көйгөйлөрүн жөнгө салууну өлкө башчысы да көзөмөлгө алганын, тез аранын ичинде атайын комиссия түзүлөөрүн айтты.

Анда Сарпашевдерге байланышкан жер маселеси жана райондун өнүктүрүү фондунун эсебиндеги натыйжасыз пайдаланылган каражаттар иликтөөгө алынаарын билдирди. Ишти ачык териштирүүнү камсыз кылуу үчүн ага нааразы болгон демилгечи топтун да өкүлдөрү кошулаарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий