• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтомаматов Кантөрө Шарипович 70 жаш курагында каза болду - некролог

Коом 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус чоң жоготууга учурады.

2017-жылдын 28-апрелинде 69 жаш курагында экономика илимдеринин доктору, профессор Токтомаматов Кантөрө Шарипович дүйнө салды.

Кантөрө Токтомаматов 1947-жылдын 20-декабрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин, 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын “Эл чарбасын пландоо” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1970-жылы Ош облустук финансы бөлүмүнүн ага инспектору кызматында баштаган.

1975-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, декандын орун басары болуп иштеген. 1993-2016-жылдары Экономика жана ишкердик университетинин (мурунку Жалал-Абад коммерциялык институтунун) ректору, 2016-жылдан май айынан тартып - аталган окуу жайдын президенти.

Кантөрө Токтомаматов Экономика жана ишкердик университетинин ачылышы, түптөлүшү, өлкөнүн жогорку кесиптик билим берүү тармагында ийгиликтүү иштеши үчүн зор салым кошкон. Ал негиздеп кеткен бул окуу жайы - КМШ аймагындагы мамлекеттик эмес алгачкы университет.

Кантөрө Токтомаматов 1979-жылы Н.А. Вознесенский атындагы Ленинград финансы-экономикалык институтунун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. 1988-жылы СССР Элдик билим берүү мамлекеттик комитетинин чечими менен доцент илимий наамына, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен экономика илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болгон. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен профессор наамы берилген.

Кантөрө Шарипович 100дөн ашуун илимий жана окуу-усулдук эмгектердин автору, билим берүүнүн отличниги болгон. Кыргыз Республикасынын журналисттер жана жазуучулар союзунун, Россия Федерациясынын “Альманах мировой науки” илимий журналынын редколлегия мүчөсү. Билим берүү тармагында бир нече шакирттерди тарбиялаган. Анын илимий жетекчилигинде экономика боюнча 2 доктордук, 8 кандидаттык диссертация жакталган. Педагогикалык, илимий, коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын “Манас-1000” медалы, Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын сыйлыгына татыктуу болгон.

Кантөрө агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жакын туугандарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Эмгеги жана адамгерчилик сапаттары менен бир канча муундун өкүлдөрүнө үлгү болгон ишбилги жетекчи, тажрыйбалуу устат Кантөрө агабыздын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө сакталат.

Г.К.Кудайбердиева, К.Т.Шадыканов, С.К.Калдыбаев, К.Г.Кожобеков, А.А. Муратов, А.И.Мусаев, К. Ж. Садыков, Т.А.Абдрахманов, М.Дж. Джаманбаев, А.А.Абдыкалыков, Т.Т.Иманалиев, И. О. Кудайбергенова, Р.З.Нургазиев, М.М.Чотонов, М.А.Бегалиев, А.А.Кулмырзаев, А.Ш.Мамбеткулов, Т.С.Садыков, В.И.Нифадьев, А.Т.Насыров, Т.К.Камчыбеков, Ч.У. Адамкулова, К.А.Исаков, К.К.Абдылдаев, К.Ж.Усенов, А.М.Зулпуев, Д.К. Омуралиева, А.Ш.Упенов, С.Р.Симбард, М.Б.Чотонов, А.О. Ибраев, К.М.Назарматова, В.Эндрю.

Пикир

Оставить комментарий