• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтоналы Сейталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 26-февралда саат 10:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Министрликтен кошумчалашкандай, Сейталиевдин сөөгү Ала- Арча көрүстөнүнө коюлат.

Эске салсак, Токтоналы Сейталиев 24-февралда узакка созулган оорудан улам 84 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиев 1937-жылы 3-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Жайылма айылында туулган.

Пикир

Оставить комментарий