• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Толгонай Стамалиева: Аймактык өнүгүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо маселелери бири-бирин логикалык толуктап турат

Саясат 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. «Аймактык өнүгүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо маселелери бири-бирин логикалык толуктап турат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасын Президентинин басма сөз катчысы — Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева Президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына комментарий берип жатып.

Ал аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын негизги милдети үй-бүлө институтуна терс таасирин тийгизген ички миграцияны кыскартуу экенин белгиледи.

«Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды, президенттик ишинин алгачкы жылын — облустардын экономикасын колдоо, жер-жерлерде ишкерликти өнүктүрүү, региондорду өнүктүрүү үчүн акча-кредиттик жана бюджеттик саясатты күчөтүү максатында Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. Ошондой эле үй-бүлө институтуна терс таасирин тийгизген ички миграцияны кыскартуу дагы негизги максат болгон. Мындай шарттарда биздин балдарыбыз мамлекет тарабынан кошумча күчөтүлгөн көңүл бурууну талап кылышат. Ошондуктан үстүбүздөгү жыл Мамлекет башчысы тарабынан Балдарды колдоо жылы деп да жарыяланды», — деп баса белгиледи Толгонай Стамалиева.

Басма сөз катчысы өлкөнү санариптештирүү Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү стратегиясында ачык көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Өлкөнү санариптик трансформациялоонун максаты — жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө, алардын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү тармактарында коррупцияны жоюу.

«Буга чейинки эки жылда мамлекеттик саясат балдарды колдоо үчүн укуктук, экономикалык базаны бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатын келечек муундан, балдардан өзүнчө бөлүп кароо мүмкүн эмес. Ошондуктан, жаш муун өкүлдөрүнүн өлкөнү санариптештирүү процессине интеграциясы Президент тарабынан 2020-жылга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды», — деп жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева.

Пикир

Оставить комментарий