• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Толкунбек Абдыгулов Бишкек инвестициялык форумдун ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.12.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 6 декабрда, Бишкек инвестициялык форумдун ачылышына катышты. Иш-чара катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, ал акыркы мезгилде өлкөдө болуп жаткан институционалдык өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

"Мамлекеттик башкарууну реформалоонун алкагында Өкмөт инвестицияларды тартуу боюнча органдын макамын жогорулатты. Мындан ары Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерлетүү Агенттиги түздөн-түз Премьер-министрге баш ийген обочолонгон орган болду. Бул инвесторлордун көйгөйлөрүн ыкчам чечип, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартууга жардам берет", – деди Толкунбек Абдыгулов.

Ошондой эле, вице-премьер-министр 2017-жылдын 29-сентябрында стабилдештирүү режиминин тартиби жана пайдалануу шарттары жөнүндө Өкмөттүн Токтому бекитилгендигин эске салды.

"Аталган механизм 3 жыл аралыгында Кыргызстандын экономикасына 3 миллиондон кем эмес салым кошкон бардык инвесторлорго стабилдештирүү режимин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Тактап айтканда, алар 10 жыл бою салык кызматындагы мыйзамдардын өзгөрүшүнө карабай, бир гана салык режимин колдоно алат. Ошондой эле, биздин өлкөгө келген инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү максатында атамекендик экономикага кирүү боюнча инвестициялык визаны алуунун босого суммасынын өлчөмү 500 миң АКШ долларынан 145 миң АКШ долларына чейин төмөндөгөн. Андан тышкары инвесторлордун үй-бүлөө мүчөлөрүнө тоскоолдуксуз виза алуусу үчүн «Үй бүлөөлүк» деген жаңы виза категориясы кийирилген", – деп белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

Андан тышкары, вице-премьер-министр инвесторлорго кошумча артыкчылыктарды берүү жана МЖӨ проектилеринин демилгелөө процедураларын жеңилдетүүнү, инвестициялык ишмердүүлүктү жөнөкөйлөлүү максатында, инвестициялык мыйзамдарды кайра карап чыгуу боюнча Өкмөттүн пландарын айтты.

"Өкмөт бизнес жана инвесторлор менен конструктивдүү диалог тузүүгө ар дайым даяр. Биз инвестициялык климатты жакшыртып жана өлкөгө жаңы инвестицияларды тартууга жардам берген бардык сунуштарга кубанычта болобуз", – деди Толкунбек Абдыгулов.

Буга байланыштуу вице-премьер-министр форумдун катышуучуларын өлкөнүн экономикасына жигердүү инвестициялоого чакырды.

"Биз бизнеске жагымдуу шарттарды түзүп жатабыз. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү жана ВСП+ Евро Биримдиктин жалпы артыкчылыктар системасы макамына ээ. Бул форум регионалдык карым катнашты күчтөндүрүп, Борбор-Азия регионунун өнүгүшүнө салымын кошуп жана мындан ары да инвесторлор үчүн ачык аянт катары кызмат кылат деп ишенем", – деп жыйынтыктады Толкунбек Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий