• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тони Кроос быйыл жайында "Реалдан" кетүүнү пландоодо

Спорт 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Мадриддик "Реалдын" жарым коргоочусу Тони Кроос быйыл жайында клубдан кетүүнү пландоодо. Бул тууралуу "AS" басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы футболчуга эки италиялык клуб кызыгууда –"Интер" жана "Ювентус".

Эгер Тони Кроос клубдан кетсе, анын ордуна "Манчестер Юнайтедде" ойногон Поль Погба же "Тоттенхэм Хотспурдун" жарым коргоочусу Кристиан Эриксен келиши ыктымал.

Кроос "Реалда" 2014-жылдан бери ойноп келет. Быйылкы сезон ал үчүн эң начар болду, анткени 38 оюнда талаага чыгып бир гол гана киргизген.

Буга чейин L'Equipe газетасынын маалыматы боюнча, "Реал" быйыл "Челсинин" жарым коргоочусу Эден Азар, "Манчестер Юнайтеддин" жарым коргоочусу Поль Погба жана ПСЖнын форварды Килиан Мбаппени сатыл алууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий