• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тоннасына 8500 сом. Кыргызстандын кайсы аймагында көмүр кымбат – баалар

Экономика 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн жуманын ичинде көмүрдүн орточо республикалык баалары бир тонна үчүн 4524 сомду түзүп, тоннасына 27,04 сомго же 0,6% жогорулаган. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча 2019-жылдын 17-октябрына карата көмүрдүн орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлгөн.

Аймактардын тиги же бул калк жашаган аймактарынын рынокторунда көмүрдүн чекене бааларынын олуттуу дифференциясы байкалды. 2019-жылдын 17-октябрына карата абалы боюнча көмүрдүн максималдуу орточо керектөөчү баалары Баткен шаарында (тоннасына – 8500 сом), Кара-Суу шаарында (тоннасына – 7745,97 сом) жана Ноокат шаарында (тоннасына – 6986,64 сом) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (тоннасына – 2500 сом), Нарын шаарында (тоннасына – 3646,92 сом) жана Балыкчы шаарында (тоннасына – 3694,59 сом) байкалды.

Көмүрдүн чекене баалары Баткен шаарында – тоннасы 1500 сомго жогорулады.

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо керектөөчү баалары
(бир тонна, сом)

2019-жылдын
10-октябрына

2019-жылдын
17
-октябрына

Четтөө:
өсүүсү
(+), төмөндөөсү (-)

Кыргыз Республикасы

4497,80

4524,83

27,04

Каракол ш.

5633,12

5613,40

-19,71

Балыкчы ш.

3694,59

3694,59

0,00

Кербен ш.

4200,00

4300,00

100,00

Токтогул ш.

5714,29

5714,29

0,00

Жалал- Абад ш.

4932,42

4932,42

0,00

Чаек а.

2500,00

2500,00

0,00

Нарын ш.

3646,92

3646,92

0,00

Исфана ш.

6187,08

6140,03

-47,05

Баткен ш.

7000,00

8500,00

1500,00

Кара-Суу ш.

7745,97

7745,97

0,00

Ноокат ш.

6938,79

6986,64

47,86

Узген ш.

4638,88

4638,88

0,00

Покровка а.

4200,00

4200,00

0,00

Талас ш.

4749,74

4799,74

50,00

Кара-Балта ш.

3849,68

3849,68

0,00

Токмок ш.

4014,03

4014,03

0,00

Бишкек ш.

3874,68

3874,68

0,00

Ош ш.

6198,37

6198,37

0,00

Пикир

Оставить комментарий