• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы. Уюштуруу комитетинин кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында 2022-жылы Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинин биринчи кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара КР президенти Садыр Жапаровдун “2022-жылды Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Кеңешменини жүрүшүндө Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу, пландаштырылган эл аралык иш-чаралар, Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн 5 жылдыгын жана экинчи Бишкек Глобалдык тоолор саммитин өткөрүү боюнча БУУ Башкы Ассамблеясынын резолюциясын даярдоо боюнча иштер, ошондой эле БУУ Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын алкагында өткөрүлүүчү Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын максат-милдеттери боюнча баяндамалар угулду.

Биринчи кеңешменин жыйынтыгында Эдил Байсалов тийиштүү министрликтерге климаттын туруктуулугу жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуу боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырды. Ошондой эле аталган иш-чаралардын координаторун аныктоо жана тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган иштерди жүргүзүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий