• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тоо-кен адиси Дүйшеев: Чынын айтыш керек, уран кенинин утурумдук пайдасына караганда зыяны көп

Коом 0

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. Чынын айтыш керек, уран кенинин утурумдук пайдасына караганда зыяны көп. Бул тууралуу тоо-кен өнөр жайы жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев билдирди.

Эске салсак, парламентте радиоактивдүү заттарды чалгындоого, казууга, иштетүүгө тыюу салуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу жүрүүдө.

Орозбек Дүйшеев Кыргызстандын аймагында уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу демилгесин колдой турганын билдирди.

"Тоо-кен тармагында бирдиктүү саясат жок. Ошонун айынан 2019-жылдын 1-январына карата 2800 лицензия берилиптир. Уран – өтө зыяндуу зат. Андан адам эле эмес, экология да бузулат. Урандын экономикалык жактан да пайдасы аз, анын калдыктарынан арылууга миллиарддаган сом каражат жумшалат", - деди Дүйшеев.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраевдин айтымында, Кыргызстандын аймагында буга чейин белгилүү болгон ири уран кени жок, эки гана орто көлөмдөгү кен бар: Сары-Жаз кенинин кору – 8 миӊ тонна жана Кызыл-Омпол кенинин кору – 13 миӊ тонна.

"Буга чейин радиоактивдүү заттарды чалгындоого 17 лицензия берилген. Анын ичинде 8 дицензия уран кенине байланыштуу, калганы радиоактивдүү заттарды коштогон элементтерге тийиштүү. Ал компаниялар уран корунун көлөмүн аныктоого тийиш. Мурда белгилүү болгон 8 уран кенинин үчөө Ысык-Көл аймагында, төртөө Чүй аймагында, бирөө Баткен аймагында жайгашкан, - деп билдирди.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат.

Иш-чарага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, окумуштуулар менен эксперттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канатбек Керезбеков.

Пикир

Оставить комментарий