• 84.79
  • 102.25
  • 1.13

Тоо койнундагы Сары-Челек

Дүр дүйнө 0

Жалал-Абад облусундагы "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругу Кыргызстандагы өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын бири болуп эсептелет. Ал 1959-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин токтому менен жергиликтүү өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана изилдөө үчүн түзүлгөн.

"Сары-Челек" коругу

Бул корук Кыргызстанда алгачкылардан болуп түзүлгөн. Анын аймагы дээрлик 24 миң гектарды түзөт. Андагы эң бийик чоку Музтөр болуп, бийиктиги 4 миң 247 метрге жетет.

"Сары-Челек" коругу 1979-жылы ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" программасынын биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк тармагына киргизилген. Ал эми, 2016-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар объекттеринин тизмесине Батыш Тянь-Шандын бир бөлүгү катары кирген.

Коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар байырлап, өсүмдүктөр өсөт. Мисалы, ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, күрөң аюу, каман, элик, тоо текеси, маралдар ж.б. бар. Ошондой жаңгак, арча, карагайлар ж.б. өсөт.

undefined

Коруктун директорунун орун басары Куштарбек Шабданов Сары-Челектеги жаңгак токою тууралуу айтып берип, ал Арсланбаптагы токойдун кийин эле экинчи орунда турарын белгиледи.

"Коруктун жалпы аянты 23 миң 868 гектар. Анын ичинен жаңгак токою баскан аянт 2 миң 66 гектар. Жаңгак токоюнун аянты боюнча Арсланбап биринчи орунда болсо, биздики экинчи орунда турат ", - деди ал.

Ал билдиргендей, коруктун аймагында 627 бал челек бар. Балчылар келишимдин негизинде корукка жыл сайын план төгүп турат. Учурда, ар бир бала челек 8 килограммдан бал төгүп берет.

Аарылардын өзүнүн оорусу болгондуктан бал челектеги аарылар жылына эки ирет дарыланып турат.

"Аарылардын бити болот. Ага каршы аарылар жазында жана күзүндө дарыланып турат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, коруктун аймагында Аркыт аттуу айыл жайгашкан. Айылда 1310 киши жашайт.

Сары-Челек көлү

Баарына белгилүү Сары-Челек көлү "Сары-Челек" коругунда жайгашкан. Аны менен катар коруктун аймагында дагы 6 көл бар: Кыла, Арам көл, Чөйчөк көл, Ири көл жана эки чакан көл – Бакалы менен Туюк көлдөрү. Сары-Челек көлүнө жетүү үчүн коруктун оозунан көлгө чейин узун жолду басып өтүү керек. Болжол менен анын узундугу 15-20 чакырымды түзөт. Жол бою, тоо этектеринде чытырман болуп турган бак-дарактар тоо бооруна, кырларга чейин өсүп, тоону көк майса чөп, гүлдөр каптап турат.

Окумуштуулардын пикири боюнча, Сары-Челек көлү 10 миң жыл мурда жер титирөөдөн кийин пайда болгон. Анын узундугу 7,5 чакырымга, эң жазы жери 2,3 чакырымга жетип, аянты 492 гектарды түзөт. Ал эми анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери – 244 метр. Мындан улам ал Ысык-Көлдөн кийин эле тереңдиги боюнча Кыргызстандагы көлдөрдүн арасында экинчи орунда турат. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1878 метр бийиктикте жайгашкан.

Кыш мезгилинде Сары-Челек январь айларында тоңуп, кайра апрель айларында эрийт. Көл тоңгондо муздун калыңдыгы 25-30 сантиметрге чейин жетет. Коруктун кызматкери Бөрүкул Төлөшовдун айтымында, кээде кар 1,5 метрге чейин жаап, ал жакта жүрүүгө кыйын болуп калат.

undefined

Сары-Челектин көлүндө маринка балыгы бар. Ал эми, Сары-Челектен агып чыккан суу куйган Кыла көлүндө балыктын бир нече түрү жашайт. Коруктун кызматкерлеринин айтымында, тыюу салынганына карабай мыйзамсыз балык уулаганы келгендер болот. Балык кармаганы келгендер колго түшсө, аларга ар бир балыкка 1 миң 100 сом айып салынат.

Бул жакта сезон июнь айында башталып сентябрь айларында аяктайт. Сезон учурунда, болжол менен аптасына 1 миң киши келет. Ар бир адамдан корукка кирүү үчүн 100 сомдон жана унаага да 100 сом акы алынат. Аймакчы, ал акы жыл сайын Монополияга каршы агенттиги менен макулдашылып, агенттик анын өлчөмүн белгилеп берет.

Көл жайгашкан "Сары-Челек" коругу өзгөчө коргоодогу аймак болгондуктан анын өзүнүн эрежелери бар. Айрым учурда, келген коноктор ал эрежелерди бузуп, айып пул салынган учурлар болот. Төлөшовдун айтымында, келгендердин айрымдары жазылып турган эскертүүлөрдү көрбөй эреже бузушат. Маселен, кээ бир чет өлкөлүк туристтер үйлөмө кайык менен көлгө түшүп алса, башкалары тыюу салынганына карабай жан-жаныбарларды, мисалы итти алып келип алган учурлар болот. Белгилей кетсек, учурда көлдөгү сууга түшүүгө, моторлуу кайыктар менен жүрүүгө тыюу салынган.

Туристтер демекчи, биз Сары-Челек көлүндө жүргөндө бир унаа менен туристтер келип калды. Алардын биринин пикирин угалы деп, Кыргызстан тууралуу суроо узаттык. Биздин суроого Германиядан келген 78 жаш курактагы Клаус деген турист жооп берди. Анын айтымында, небереси Кыргызстанда бир жыл жашаган. Мындан улам, ал да биздин өлкөнү көрүп кетүү үчүн келген. Ага Кыргызстандын жери гана эмес, кичи пейил эли да жаккан.

"Мен (Кыргызстандагы - авт.) тоолор, ландшафт тууралуу уккам. Бирок, мурда-кийин көргөн эмесмин. Ландшафттарга суктанып жатам", - дейт ал.

Нуржигит Бейшебаев

Пикир

Оставить комментарий