• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тоо жана климатты коргоо. Кыргызстанда быйыл 1 миң 130 гектар жерге көчөт отургузуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы өлкө аймагына 1 миң 130 гектар жерге көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Эскерте кетсек, 2022-жыл - “Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы” деп жарыяланган.

Мусаевдин айтымында, 2021-жылы республикалык токой аянттарын көбөйтүү максатында 699,4 гектар аянтка көчөт отургузулган.

“Алардын ичинен 198 гектар ийне жалбырактуу, 442 гектар жалбырактуу жана 80 гектар жерге бадалдар отургузулган. Ал эми 2022-жылы 1 миң 130 гектар жерге көчөт отургузуу пландалууда. Ал үчүн 6 миллиондон ашык көчөт даярдалды”, - дейт ал.

Токой чарбасы агенттигинин директору кошумчалагандай, көчөтканаларда 7,71 гектар жерге 11 миң 480 кг бак-дарактардын жана бадалдардын үрөндөрүнүн 37 түрү себилди.

“Мындан сырткары, көчөтканаларда 13 млн 423 даана көчөт өстүрүлгөн. Калктуу конуштарды жашылдандыруу, бакчаларды, тез өсүүчү плантацияларды жана эрозияга каршы тилкелерди түзүү үчүн жеке жана фридикалык жактарга 16309,8 миң сом өлчөмүндө 540 миң 100 даана көчөт материалдар сатылды.1 млн 471 миң 703 гектар жерде чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруу жумуштары жүргүзүлдү. Ал эми малдын саны көбөйүп, токойго болгон басым күчөгөндүгүнө байланыштуу, отургузулган экме токойлордун өнүмдүүлүгүн камсыз кылуу жана көчөттөрдү малдын жеп кетүүсүнөн сактоо максатында 1 миң 566 гектар аянт экме токойлорго корук орнотулду”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий