• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тоодо 53 жаштагы мергенчинин жүрөгү кармап каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.12.17. /Кабар/. Кара-Көл шаарынын Кара-Жыгач тилкесине мергенчиликке чыккан 3 адамдын бирөөсү каза болду. Маалыматка ылайык, 1964-жылы туулган адамдын жүрөгү кармап калып, көз жумган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар Жала-Абад шаарынын тургундары.

“КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу тоого чыгып, каза болгон адамдын жансыз денесин саат 21:05те алып түшүп милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий