• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тоодой үйүлгөн таштанды: Ысык-Көлдө ыктыярчылар жээктеги таштандыларды тазалашты

Коом 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда дем алыш күндөрү ыктыярчылар ишембилик өткөрүштү. Бул иш-чаранын сүрөттөрү twitter соцтармагына жүктөлгөн.

Ишембилик Бостери айылында өттү. Сүрөттөрдөн көл жээгин толук каптап калган таштандыларды көрүүгө болот. БУУнун КРдагы өкүлчүлүгү билдиргендей, бир ыктыярчы бир саатта бир бөтөлкө чегилген тамекинин калдыктарын чогулткан.

“Бул бир жолку акция эмес. Ар жума сайын ыктыярчылар өз убактысын экология маселелерине бөлүп келишет. Студенттер жана көңүл кош эмес жарандар көл жээгин желимдерден тазалашса, адистер көлдүн түбүн таштандылардан тазалашууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий