• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тоолорго кар жаап, сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-июнунан 10-июнуна чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

5-июнь күнү күндүз, 6-7-июндарда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 8-9-июндарда республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 5-6-июндарда айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

5-июндан 10-июнга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий