• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. 2019-жылдын 17нен 18-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

ӨКМден кабарлашкандай, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Андан тышкары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий