• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тоолуу-Бадахшанда тажик-кытай биргелешкен машыгуулары өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Июль айынын аягында Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Ишкашим районунунун Ооганстан менен чек арасына жакын аймагында тажик-кытай биргелешкен машыгуулары өтөт.

Тажикстан Коргоо министрлиги билдиргендей, машыгууга Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери, Аскер аба күчтөрү, Абадан коргонуу күчтөрү жана Кытайдын Элдик-куткаруу армиясынын антитеррордук ротасы катышат.

Машыгуу учурунда авиация, бронотехникалар жана артиллериялар колдонулат. Мындай окууларды жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.

Акыркы жолу тажик-кытай машыгуулары 2016-жылы 10 миң аскер кызматкеринин катышуусунда өткөн.

Тажикстандын Кытай менен чек арасынын узундугу 500 чакырым.

Душанбе менен Бээжин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө.

Пикир

Оставить комментарий