• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 17.03.20. / Кабар/. 2020-жылдын 17-мартынан 18-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий