• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору – Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-апрелинен 24-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 132-137 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-76, 86-88, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 295-300 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий