• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. 17нен 19-апрелге чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 223-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Жжолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий