• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү ыктымал - Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-12-февралдарында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунун 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу), Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий