• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Республиканын айрым тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун (33-чакырымы), Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун (325-334-339-341-чакырымдары), Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк порталы жана 339-341-чакырымдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында, 2017-жылдын 25-апрелинен 30-апрелине чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

2017-жылдын 1-май күнү саат 16:00дө КР ӨКМнин жетектеген ыкчам топ менен Кыргыз Республикасынны Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык тобу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан чыгып, Нарын шаарынын аскер бөлүгүнө келип жайгашышкан.

2017-жылдын 2-май күнү Кочкор-Төлөк-Соң-Көл унаа жолунун 33-чакырымында мажбурлап кар көчкү түшүрүү иш-чараларын башташат.

Пикир

Оставить комментарий