• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Торугарт" бекетинде аткезчилик жолу менен алынып келген жүк кармалды

Коом 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү бекетинде чек ара кызматкерлери тарабынан аткезчилик жол менен Кыргызстанга киргизилген жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-январда Кытай өлкөсүнөн "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү бекетине чиркегичи бар "Volvo" үлгүсүндөгү унаа келген. Унааны текшерүүдө тиешелүү документтери жок жүк табылган.

Анын жалпы салмагы 2 тоннаны түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин унаанын айдоочусу жана жүк Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий