• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Ж.Баласагын атындагы КУУнун корпустарынын биринин тосмосу алынды

Коом 0

Бишкек, 16.03.22 /Кабар/. Борбор калаанын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан Абдымомунов көчөсү, 328 дарегинде жайгашкан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алтынчы корпусунун тосмосу алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тосмонун узундугу 157 метрге жакын болгон.

"Демантаждоо «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Инспекциясы борбор калаанын санитардык абалын жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иштерди улантууда.

Инспекциянын иши боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылуу керек:

-Свердлов району боюнча: 0705003137;
-Октябрь району боюнча: 0551551745;
-Биринчи май району боюнча: 0555404818;
-Ленин району боюнча: 0550070505.

Пикир

Оставить комментарий